1-курс студентин куттуктайбыз!

КНКнын атайын фортепиано кафедрасынын 1-курс студенткасы Бакытбекова Дильназды Италияда өткөн Эл аралык онлайн Фестиваль-Конкурста — «All colours of Art» — I даражадагы байге утуп алгандыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Анын мугалими — фортепианолук-теориялык факультеттин деканы, Абдулина Анара Азаматовна.

Дильназга чыгармачылык ийгиликтерди жана дагы көптөгөн жеңиштерди каалайбыз!